Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-ноябрда кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сегизбаев буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп иштеген.

Абдил Сегизбаев 1973-жылы 25-июнда туулган.

1996-жылы Скрябин атындагы Айыл чарба институтун бүтүргөн.

1995-2000-жылдары "Сорос-Кыргызстан" фондунун координатору болуп эмгектенген.

2000-2003-жылдары Эл аралык кызматташуу боюнча швейцариялык ассоциациянын координатору;

2003-2005-жылдары КРнын Президенти Аскар Акаевдин басма сөз катчысы;

2011-2014-жылдары КРнын Президентинин жардамчысы, президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы, президенттин кеңешчиси болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан