Асанбек Алымкожоев Башкы штабдын башчысы кызматынан бошотулуп, ордуна Жаныбек Капаров дайындалды

Бүгүн, 5-ноябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев ээлеген кызматынан бошотулду. Дагы бир жарлыкка ылайык, Жаныбек Капаров Башкы штабдын башчылык кызматына дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Асанбек Алымкожоев 1956-жылдын 11-апрелинде Чүй облусундагы Сокулук районунун Сарбан айылында туулган.
2001-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Токмок шаарындагы атайын багыттагы бригадасынын командири болуп дайындалган. 2014-жылы Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлүп, аны жетектеп баштаган.

Жаныбек Капаров 1970-жылы 8-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган. Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын 60 жылдыгы атындагы атайын мектеп-интернатын 1988-жылы бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан