Бүгүн, 5-ноябрда парламентте түзүлгөн бирдиктүү комитет Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүүнү талкуулап жатат. Учурда депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларын такташууда. Мурда белгилүү болгондой, коалициялык көпчүлүк төраганын эки гана орун басары болушу керектигин чечкен. Ага ылайык, коалициялык көпчүлүктөн бир орун басар, оппозициялык азчылыктан бир орун басар болушу керек. Бирок оппозициялык азчылык аталган орунга эки талапкерди сунуштап чыкты. Буга бирдиктүү комитеттин төрагасы Өмүрбек Текебаев каршы экенин айтты. "Буга чейин коалициялык көпчүлүк бул орунга Нурбек Алимбековду сунуштап, чечим кабыл алган. Оппозициядан да бир гана орун басар болушу керек эле, оппозиция бир чечимге келе албай, эки талапкерди алып келиптир. Ошондуктан бир эле талапкер керек",- деди Текебаев.
Коалициялык көпчүлүктөн Нурбек Алимбеков, "Бир бол" фракциясынан Бакыт Эсенбаева, "Республика-Ата Журттан" Максат Сабировдун талапкерлиги сунушталып жатат.