Жылнаама, 6-ноябрь: Мындан 27 жыл мурун "Евровидение-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын жеңүүчүсү Кончита Вурст туулган

* Мындан 96 жыл мурун, 1919-жылы партиялык жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтту, Москвадагы Мамлекеттик педагогикалык институтту жана Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, партиянын райкомунда бөлүм башчынын орун басары, Кыргызстан КП БКнын инструктору, КПСС БКнын жооптуу кызматчысы, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору, партиянын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы болуп иштеген.
СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине 28 жолу, 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
Турдакун Усубалиев 24 жыл 5 ай 24 күн Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча Бүткүл союздук рекорд койгон.
Турдакун Усубалиев 2015-жылдын 7-сентябрында 96 жаш курагында дүйнө салган.

* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы ырчы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова Таластын Арал аттуу айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" аттуу ыры менен Алина деген аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет" деген топто иштеп, кийин ал топ чачырап кеткенде "Таазим" тобуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон. 1991-жылы Тарас Асанакуновдун уюштуруусу менен "Роза гүлү" аттуу эстрадалык топ ачылып, Алина Жетигенова Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова менен биргеликте иштеп калган.
Ырчынын аткаруусундагы сөзү Асан Жакшылыковго, обону Тарас Асанакуновго таандык "Кыздын сыры" деген ыры ошол убакта чыккан. Бир аз убакыттан кийин топ жабылып, ырчылар өз-өзүнчө "Айчүрөк", "Динара", "Алина" деген топторду ачышкан.

* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы австриялык ырчы Кончита Вурст Австриянын Гмуден шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Том Нойвирт. Балалыгын 3 миң калкы бар Штириядагы Бад-Миттерндорфв кыштагында өткөргөн. Өспүрүм кезинен тарта ал кыздардын кийимин кийгенге ыктап, кийинчерээк эркектерге кызыгарын, аларга сезими ойгонуп жатканын билген.
2006-жылы 18 жаштагы Том Нойвирт поп жанрында ырдаган жаш аткаруучулардын "Стамания" кастинг-шоусуна катышып, 2-орунду багындырган. Ал эми 2007-жылы "Jetzt anders!" бой-бэнд (кыздарга жакын өспүрүм балдардын тобу) тобунда аз убакыт ырдаган. 2011-жылы ал Грац шаарынан мода мектебин аяктап, ушул эле жылы "Чоң мүмкүнчүлүк" сынагына катышкан. Дал ушул сынакта ал Кончита Вурсттун образында чыгып, 6-орунду ээлеген. Ал муну менен гана токтоп калбастан, айымдардын образында бир канча сынактарга, реалити-шоулорго катышып келген. 2013-жылдын 10-сентябрында Кончита Вурсттун "Евровидение-2014" Эл аралык сынагында Австриянын атынан чыгары белгилүү болгон. Ал эми 2014-жылдын 10-майында Даниянын борбору Копенгаген шаарында "Евровидение-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын финалы болуп өткөн. 26 өлкөнүн таланттары ат салышкан сынактын калыстар тобу жана көрүүчүлөр жеңишти сахнага сакалчан аялдын образында чыккан австриялык ырчы Томас Нойвиртке ыйгарышкан. Ал Европаны "Rise like a Phoenix" ыры менен багынтып, 290 упай топтой алган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы швейцариялык эксперттер 2004-жылы көз жумган Палестина лидери Ясир Арафаттын полонийден (радиоактивдүү химиялык элемент) ууланып өлгөнүн тастыкташкан. Мындай маалыматты дарыгерлердин корутундусу менен таанышкандан кийин анын жубайы Суха Арафат жарыялаган. Экспертизаны Лозанна университетинин Радиациялык физика институтунун адистери жүргүзүп, жыйынтыгында Ясир Арафаттын денесинде полонийдин нормадан 18 эсе көп экени белгилүү болгон.
Ясир Арафат 1929-жылы 24-августта туулган. 1969-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Палестина боштондук кыймылын жетектеген. 1994-жылдан баштап Палестина улуттук администрациясынын төрагасы болгон. Арафаттын ден соолугу 1994-жылдын 28-октябрында кескин начарлай баштап, 2004-жылы 11-ноябрда Францияда көз жумган.

6-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2015-11-06 10:41:30
Жалпы эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан