Бүгүн, 5-ноябрда парламентте түзүлгөн бирдиктүү комитет Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүүнү талкуулап, фракциялар комитеттердин төрагаларына өз талапкерлерин сунуштады. 9 комитеттин 7си коалициялык көпчүлүккө, 2 комитет оппозициялык азчылыкка берилди.
- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет - Галина Скрипкина (КСДП);
- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет - Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан");
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет - Мирлан Бакиров ("Өнүгүү-Прогресс");
- Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет - Садык
Шер-Нияз ("Ата Мекен");
- Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет - Кожобек Рыспаев (КСДП);
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет - Иса Өмүркулов (КСДП);
- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет - Нурланбек Макеев ("Кыргызстан");
- Бюджет жана финансы боюнча комитет - Аскарбек Шадиев ("Бир бол");
- Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет - Талант Мамытов ("Республика-Ата Журт").
Чечимди кабыл алууну депутаттар эртеңкиге калтырышты.