7-марттан 8-мартка караган түнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундуна 28 метрден 34 метрге чейин жеткен катуу шамал болду. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, табият кырсыгынан жабыркагандар катталган жок. Учурда Балыкчы шаарындагы Жарандык коргоо комиссиясы шамалдын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзүүдө.