"Бизди дагы бир топ сыноолор күтүп турат",- деп билдирди мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө. Анын билдиришинче, көп улуттуу мамлекетибиз өз жолун таап, келечекке карай багыт алды.
"2016-жылы эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхына 25 жыл болот. Чейрек кылым ичинде көп улуттуу өлкөбүз далай тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, Кудайдын жана тарыхтын сыноолорунан абийир менен чыгып, 2010-жылдын апрель айынан кийин руханий жана экономикалык кайра жаралууга бет алды",- деди Атамбаев.