Өлкөдө 261 билим берүү мекемесинде ысык тамак Орусиянын каржылоосу менен уюштурулат

Өлкөдө 261 билим берүү мекемесинде ысык тамак Орусиянын каржылоосу менен уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева менен Орусия Федерациясынын Каржы министринин орун басары Сергей Сторчактын жолугушуусунда белгилүү болду. Жолугушууга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кыргыз жергесиндеги өкүлчүлүгү да катышып, мектепте тамак берүү боюнча долбоордун аткарылышы жана мындан аркы өнүгүшү туурасында сөз кылынды.

Иш-чаранын жыйынтыгында Эльвира Сариева Сергей Сторчакты министрликтин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Айта кетсек, учурда өлкө боюнча 788 орто мектепте Билим берүү министрлигинин, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана ата-энелер коомчулугунун жардамы менен окуучулар күнүгө ысык тамак менен камсыздалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан