Жогорку Кеңештин төрагасынын эки орун басарлыгына үч талапкер ат салышууда. Учурда депутаттар талапкерлерге жашыруун түрдө добуш берүүгө өтүштү. Добуштар берилген соң эсептөө комиссиясы жыйынтыгын чыгарып, жалпы эл өкүлдөрүнө ким канча добуш алганын айтат.
Төрага орун басарлыгына коалициялык көпчүлүктөн Нурбек Алимбеков, "Бир бол" фракциясынан Бакыт Эсенбаева, "Республика-Ата Журттан" Максат Сабировдун талапкерлиги көрсөтүлдү.