Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп Нурбек Алимбеков менен Бакыт Эсенбаева шайланды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп Нурбек Алимбеков менен Бакыт Эсенбаева шайланды. Үчүнчү талапкер Максат Сабиров өтпөй калды. Добуш берүү жашыруун түрдө жүргүзүлүп, жыйынтыгын эсептөө комиссиясы эсептеп чыкты. Аталган комиссиянын төрагасы Сайдулла Нышанов депутаттарга добуш берүүнүн жыйынтыгында ким канча добуш алганын айтты.

Нурбек Алимбековдун талапкерлигине депутаттардын 102си "макул", 12си "каршы" деп добуш берди. Бакыт Эсенбаевага 80 депутат "макул", 33 депутат "каршы" деп добуш берди. Максат Сабировдун талапкерлигине 42 депутат "макул", 71 депутат "каршы" деп добуш берди.

Төрага орун басарлыгына коалициялык көпчүлүктөн Нурбек Алимбеков, "Бир бол" фракциясынан Бакыт Эсенбаева, "Республика-Ата Журттан" Максат Сабировдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан