Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын Өрткө каршы күрөшүү кызматы маалымдады. Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 2 өрт кырсыгы болду. Мындан Ош шаарындагы өрт кырсыгынан бир адам каза болгон.