Бүгүн, 6-ноябрда парламентте Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүү талкууланып, комитеттердин төрагаларына фракциялар тарабынан сунуш кылынган талапкерлерге жашыруун түрдө добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясы карап чыгып, 9 комитеттин 7си коалициялык көпчүлүккө, 2 комитет оппозициялык азчылыктагы "Бир бол" фракциясына берилгенин билдирди. Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясы Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет менен Бюджет жана финансы боюнча комитетке сунуш кылган талапкерлер өтпөй калышты.
Түзүлгөн комитеттер жана анын төрагалары:
- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет - Галина Скрипкина (КСДП);
- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет - Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан");
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет - Мирлан Бакиров ("Өнүгүү-Прогресс");
- Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет - Садык Шер-Нияз ("Ата Мекен");
- Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет - Кожобек Рыспаев(КСДП);
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет - Иса Өмүркулов (КСДП);
- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет - Нурланбек Макеев ("Кыргызстан");
- Бюджет жана финансы боюнча комитет - Аскарбек Шадиев ("Бир бол");
- Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет – Жаныбек Бакчиев ("Бир бол").