Премьер-министр Темир Сариев менен өкмөт мүчөлөрү 7-ноябрда Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Улуу Британиянын “Глобус” театры койгон Уильям Шекспирдин “Гамлет” спектаклин көрүштү. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, премьер-министр лондондук театрдын кыргыз жеринде спектакль коюшун чоң маданий окуя катары баалап, дүйнөлүк адабияттын классикасын жайылтуу зарылдыгын белгиледи.
“Глобус” театры 1599-жылы Лондондо Уильям Шекспирдин катышуусунда негизделген. Аталган театр дүйнөлүк турнесинин алкагында кыргыз жеринде биринчи жолу спектакль коюп жатат",- деп айтылат маалыматта.