10-ноябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн -4°C
Талас облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн 0°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +14°C, түнкүсүн -3°C
Баткен облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн -4°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн 0°C
Нарын облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -4°C
Бишкек шаары. Күндүз +11°C, түнкүсүн 0°C