* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы өлкөбүздүн туңгуч президенти, академик Аскар Акаев Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында туулган.
1968-жылы Ленинграддагы Так механика жана оптика институтун бүтүп, аспирантурага тапшырган. 1980-жылы Москва инженер-физика институтунда докторлук диссертациясын жактаган. 1984-жылы Кыргыз илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланып, ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги болгон.
Аскар Акаев - профессор, Орусиянын Илимдер академиясынын ардактуу доктору жана чет өлкөлүк мүчөсү. Ал 7 ойлоп табуунун, 43 макаланын, 150 чамалуу илимий иштердин ээси. 20 илимдин кандидатын жана 3 илимдин докторун даярдаган.
Аскар Акаев 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин Президенти болуп шайланган. Ал эми 1991-жылы октябрь айында (шайлоо учурунда) жана 1994-жылы (референдумда) президенттик укуктары ырасталган. 1995-жылы 24-декабрда президенттин экинчи мөөнөтүнө шайланып, 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында ал өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми 2005-жылы 5-апрелде өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арыз жазган.
* Мындан 96 жыл мурун, 1919-жылы советтик жана орусиялык курал жасоочу конструктор Михаил Калашников Орусиянын Алтай аймагынын Курья айылында туулган.
1949-жылы АК-47 деген ат менен 7,62 мм калибрдеги Калашников автоматы куралдар арсеналына кабыл алынган.
Легендарлуу курал конструктору Михаил Калашников 2013-жылы 23-декабрда 94 жаш курагында каза тапкан. Маалыматка ылайык, 17-ноябрда ал ашказандагы кан агуу диагнозу менен госпиталга жаткан.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы орусиялык журналист, телеалпаруучу, продюсер Тина Канделаки Грузиянын Тбилиси шаарында туулган. Толук аты-жөнү – Тинатин (Тина) Гивиевна Канделаки.
Тина Канделаки 2006-жылы “ТЭФИ” сыйлыгынын "Мыкты ток-шоу алып баруучу", 2006-жылы мода жана стиль тармагындагы белгилүү "Астра" сыйлыгынын "Эң стилдүү телеалпаруучу" наамына татыган. Ал 2007-жылы “Атасынын кыздары” (“Папины дочки”) сериалында роль жараткан.
* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы Милиция күнүндө Москванын Котляков көрүстөнүндөгү жарылуудан 14 киши каза болуп, ондогон кишилер ар кандай жаракат алышкан. Кылмыштын айыпкери да, каза болгондор да Ооган согушунун ардагерлери болушкан.
10-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.