Премьер-министр төө буурчак көйгөйү боюнча Таласка барды

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 10-ноябрда Талас облусунда бир күндүк иш сапарын баштады. Өкмөт жетекчиси Кара-Буура районундагы төө буурчак сатып алуучу ишкананын абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

Мындан тышкары Талас шаарындагы оңдолуп жаткан жолдордун жана жылуулук ишканасынын абалы менен таанышары күтүлүүдө. Жергиликтүү актив менен жыйын өткөрүп, аймактын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулайт.

Эскерте кетсек, облустагы жергиликтүү тургундар төө буурчактын баасын көтөрүү талабы менен бир нече жолу митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан