Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 10-ноябрда Таластагы төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана менен таанышты. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда премьер төө буурчактын баасын мамлекет аныктабай турганын билдирип, буларды айтты:
"Бир дагы мамлекеттик орган дыйкандар менен төө буурчакты дүңүнөн сатып алуучуларга ортомчулук кылбайт. Компаниялар бааны өз алдынча коюшту, төө буурчактын баасы дүйнөлүк рыноктогу кырдаалдан тикелей көз каранды. Өндүрүлгөн товардын сапатына да караш керек. Татаалдашкан кырдаалды жөнгө салуу үчүн төө буурчакты сатуу боюнча ассоциация түзүү зарылдыгы бар. Товардын сапатын жакшыртуу боюнча дыйкандарды окутууга өкмөт жардам көрсөтөт".
Сариев төө буурчакты Түркияга сатуу маселесин өкмөт карай турганын билдирди.
"Декабрдын аягына чейин дыйкандардын төө буурчагын сатууга жардам көрсөтүү зарыл. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо иретинде 2016-жылы күнөскана жана мөмө-жемиш сактоочу жайларды курууну баштайбыз. Анда өндүрүлгөн товарды жазга чейин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт",- деди премьер-министр.