Кыргыз-кытай чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын текшерүүчүлөр кыйнап жатышат. Бул тууралуу 10-ноябрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"КамАЗда жүгүбүз аз, салмагы нормадан ашпайт. Унаанын салмагын кошкондо 38 тонна менен өтсөк болот, азыркы салмак 36 тонна. Текшергенде машинанын бир "мостунан" жүк нормадан 500 килограммга оор болуп жатканын айтышып, айып пул төлөгүлө деп жатышат. Жалпы жүк нормадан ашпаса, октуу (осевой) жүк ташуучу унаа деп жүктү "мост" аркылуу ченеп бизди кыйнай беришет. 78 тонна менен өтсө да фирманын КамАЗдарына "осевой" деген нерсе жок, жеке менчиктерге бар. Эмне үчүн Транспорт министрлиги эки башка мамиле жасайт? Карапайым айдоочулар жол тосууга даярданып жатышат",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.