Таласта 20 жаштагы кызды зордуктады деген шек менен 4 адам кармалды

8-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунда 20 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен 1994-жылы төрөлгөн А.Д., 1995-жылы төрөлгөн Ф.у.Ж. менен М.у.Н. жана 1996-жылы туулган Ж.Н. аттуу балдар кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул күнү Талас шаарындагы автобекетте токтоп турган Фольксваген унаасынын ичинде 23 жаштагы айдоочу жана 20 жаштагы кыз бар болчу. Жогоруда аты аталган төрт бала Бакай-Ата районунун айылдарынын бирине жеткизип коюуну айдоочудан өтүнүшөт. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Кең-Арал айылына жеткенде жүргүнчүлөр айдоочуну жана унаанын ичиндеги кызды бычак менен коркутуп, натыйжада кызды зордуктап салышкан. Бул аракет боюнча, Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан 4 жаранга карата Кылмыш кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurbol
2013-03-11 09:06:17
бешиктен бели чыга элек,16 жаштагы балдар ушуну кылса, жаштар алыска барбайт го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан