Олег Панкратов: "Башкортостандын ишкерлери кыргыз жерине ири логистикалык борборлорду курууга кызыкдар"

"Башкортостандык ишкерлердин кайра иштетүү ишканаларын курууга катышуусу келечектүү жана эки тарапка тең пайдалуу багыт". Муну вице-премьер-министр Олег Панкратов аталган өлкөнүн премьер-министринин орун басары Артур Шайнуров менен жолугушууда айтканын бүгүн, 10-ноябрда өкмөттөн билдиришти.

"Кыргыз мамлекети менен Башкортостандын ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштар динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Буга чейинки келишимдер жакында жемишин берип, биргелешкен өндүрүш жана жаңы ишканалар курулат деп үмүттөнөм. Башкортостан ишкерлери айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды жана ири логистикалык борборлорду курууга кызыкдар",- деди Панкратов.

Шайнуров өлкөлөр ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга Башкортостанда кызыгуу бар экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан