Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өз ишин баштады

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өз ишин баштады. Алгачкы жыйынга комитеттин 17 мүчөсүнүн 13ү катышууда. Учурда депутаттар комитеттин иш күндөрүнүн убактысын тактап алууну жана комитеттин ички маселелерин карашууда.

Комитет төрагасы Аскарбек Шадиев негизинен комитеттин 14 гана мүчөсү болушу керектигин белгилеп, кыскартуу боло турганын айтты. Депутат Төрөбай Зулпукаров депутатты эч ким комитеттен чыгара албай турганына токтолду. "Депутат кайсы комитетке киргиси келсе, ал анын өз иши, эч ким аны комитеттен чыгарып салбайт. КСДП фракциясынын депутаттарын 9 комитетке төрттөн кылып бөлчү болсок, 2 депутат ашып калат. Аны кайда киргизет? Ошондуктан биз, мүмкүн болсо, мыйзамды өзгөртүүгө алып барышыбыз керек",- деди Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан