Укук коргоочу аял баңгизат менен кармалды

ИИМдин кызматкерлери тарабынан 6-март күнү Сокулук районунда 59 жаштагы Ош шаарынын тургуну Х.Ш. аттуу аял кармалды. Текшерүү учурунда анын жанынан 1 килограмм 35 грамм баңгизат табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, укук коргоо кызматкерлерине баңгизатын ташып жүргөн уюшкан кылмыштуу топ тууралуу маалымат түшүп, ыкчам иликтөө учурунда аталган аял колго түштү. Бул аял кайсы бир коомдук бирикмеде укук коргоочу жана баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун башчысы экендиги аныкталды. Мындан сырткары дагы эки адам кармалып, учурда булардын үстүнөн кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан