Премьер-министр Темир Сариев илимпоздорду кесиптик майрамы менен куттуктады. Өкмөттөн билдиришкендей, куттуктоодо булар айтылат:
“Урматтуу окумуштуулар жана илим тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Майрамыңыздар куттуу жана ак жолтой болсун! Кымбат өмүрүн бийик илимге жана агартууга арнаган ишмерлердин баарына – окумуштууларга, илим изилдөө кызматкерлерине, окуу жайлардын окутуучуларына чыгармачылык жана илимий ийгиликтерди каалайм.
Кыргыз мамлекетинин илимий мекемелери жана окуу жайлары даңазалуу илимий ачылыштарды, эң сонун жетишкендиктерди жаратып келген, жарата бермекчи.
Кыргыз Республикасынын илимий коомчулугу мамлекетибиздин туруктуу өнүгүшү жана өлкөбүздүн эл аралык аренада татыктуу орду үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү, жаңы технологияларга негизделген жана улам арбыган экономикалык, социалдык жана интеллектуалдык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган ар тараптуу илимий изилдөөлөр ийгиликтүү ишке ашат деп ишенебиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ырааттуу жана натыйжалуу илимий-техникалык мамлекеттик саясат аркылуу өлкөбүздүн илимий потенциалын арттырууга ниети бекем. Мамлекеттин илим тармагындагы стратегиясы илимий ишмердүүлүктүн кадыр-баркын көтөрүүгө, илимий ишмерлерди даярдоо жана өстүрүүнүн мыкты жана алдынкы үлгүлөрүнө таянуу менен улуттук илимди жаңы бийиктиктерге чыгарууга багытталмакчы. Илимий изилдөөлөрдү колдоонун жана илимий жетишкендиктерди натыйжалуу пайдалануунун бардык жолдору – базалык, программалык жана гранттык максаттуу каржылоо системи иштелип чыгат. Ал эми илимди өнүктүрүү жана жаңы технологияларга негизделген динамикалуу экономика өкмөттүн ишмердүүлүгүндө артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет.
Адамзат акыл-эсинин туу чокусу илимге, ааламга жарык чачкан билимге арналган асыл эмгегиңиздерди албан ийгиликтер жылоолосун.
Баарыңыздарга чың ден соолук жана жакшылыктарды каалайм”.