Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты, Джин лакап аты менен таанымал Алтынбек Арзымбаев убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечимди Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту чыгарды. Эскерте кетсек, 7-мартта Арзымбаев адам өмүрүнө кол салуу жана бейбаштык кылмыштарына шектелип кармалган болчу.