Жогорку Кеңеште оптимизация боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Анын курамына ар бир фракциядан экиден-үчтөн депутат жана Жогорку Кеңештин аппаратынын өкүлдөрү киргенин төрага Асылбек Жээнбеков парламенттин 11-ноябрдагы отурумунда билдирди. Жумушчу комиссия Жогорку Кеңештеги оптимизациялоо боюнча маселени карап, жалпы жыйындын кароосуна алып чыгат. Аталган комиссиялык топту вице-спикер Нурбек Алимбеков жетектейт.