Кыргызстанда үч сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталды. Тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян келтирилген факты болбогонун ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмү билдирди. 8-март күнү Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1 жана Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болгон. 9-мартта Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1 жана Ош шаарында 1 кырсык, 10-март күнү Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 жана Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы орун алган.