Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев бүгүн, 11-ноябрда өткөн жыйында Тышкы иштер министрлиги жана Экономика жана өнөр жай министрлигине төө буурчактын баасын жогорулатуу боюнча жаңы базарларды табуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анын жүрүшүндө премьер-министр тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана экономика жана өнөр жай министри Арзыбек Кожошевге төө буурчак сатып алууга кызыкдар болгон болгон бардык өлкөлөрдүн элчиликтери менен тез арада сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү тапшырды.
Бул иштерди координациялоо милдети биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевге жүктөлдү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчисине төө буурчак сатып алуучу бардык ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, төө буурчактын баасын көтөрүү боюнча бардык аракетти көрүү тапшырмасы берилди. “Төө буурчактын баасын татыктуу деңгээлде сатуу боюнча өкмөт бардык чараларды көрөт. Бул жаатта мамлекеттик органдар өз ишинен жыйынтык чыгарышы керек”,- деди Темир Сариев.