ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн салыкчылары Москвада тармактын көйгөйлөрүн талкуулашты

Мамлекеттик салык кызматынын делегациясы Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясына караштуу Салык саясаты боюнча консультативдик комитеттин жыйынына катышты. Жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Орусиянын салык кызматкерлери, ЕАЭКтин жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышып, анда 20дан ашык маселе каралганы айтылды.

"Негизинен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-сатыктагы салык саясаты, административдик тоскоолдуктар, төмөнкү чекте салык алынуучу товарларды ташуудагы салык жыйноо жана башка маселелер каралды. Жыйынтыгында катышуучулар салыктык көзөмөлдү күчөтүүчү, салык төлөөдөн качкандарды азайтууга багытталган бир катар чечимдерди кабыл алышты",- деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан