Өлкөдө жаштар саясаты менен мындан ары Билим берүү жана илим министрлиги алектенет

Өлкөдө жаштар саясаты менен мындан ары Билим берүү жана илим министрлиги алектенет. Бул тууралуу өкмөттөн бүгүн, 11-ноябрда билдиришти. Жакында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жоюлуп, ордуна Мамлекеттик миграция кызматы түзүлгөн. Ал эми эмгек жана иш менен камсыздоо функциясы Социалдык өнүгүү министрлигине берилген.

"Кесиптик билим берүүнүн бирдиктүү системин түзүү үчүн Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлдү. Жаштардын басымдуу бөлүгү билим берүү системинде камтылган, андыктан жаштар саясаты менен алектенүү милдети аталган министрликке берилди. Айрым маселелер өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине өткөрүлөт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан