* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы Кыргыз Республикасынын маалымдоо каражаттары Боом капчыгайы аркылуу өтчү темир жолун куруу маалында тынчтык максатында колдонулган дүйнөдөгү эң чоң жардыруу жасалгандыгын кабарлашкан. Боом капчыгайынын татаал аймагындагы Кыз-Күйөөдө орун алган бийиктиги 25 метрдик, көлөмү 44 миң куб метр аска таш жардырылып, темир жол курулушунун көзү ачылган.
* Мындан 80 жыл мурун, 1935-жылы советтик актриса жана ырчы Людмила Гурченко Харьков шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө туулган.
1956-жылы Людмила Гурченко студент кезинде Эльдар Рязановдун "Карнавалдык түн" аттуу музыкалык комедиясында Леночка Крылованын ролун жараткан. Актриса "Беш мүнөт" ырын аткарып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Кино абдан чоң ийгиликке жетишип, актриса көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
1960-жылдын башында жана 1970-жылдын аягында Людмила Гурченко эл ичинде кеңири таанылган актриса катары эсептелинип, Орусиянын эң алдынкы актрисаларынын бири болгон. Ошону менен токтоп калбастан, дагы башка тасмаларга тартылуусун уланта берген. Актрисага комедиялык мелодрамаларга тартылууга сунуштар жаай баштаган. Ал телевизиондук бенефистерге жана атайын музыкалык программаларга да дайыма катышып турган.
Гурченко башкалардан ачык мүнөзү, ички дүйнөсүнүн өзгөчө кенендиги менен айырмаланган. Актрисанын эң жакшы аткарган иштери деп "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" ж.б. тасмалардагы образдар эсептелинет.
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы "Даңазалуу кылым" сериалындагы Махидеврандын ролун аткарган түрк-немис актрисасы Нур Айсан Германиянын Дуйсбург шаарында туулган. Анын ата-энеси Түркиядан төрт баласы менен мигрант болуп Германияга келген. Нур Айсан орто билимди Түркиянын Бешикташ шаарында алып, андан кийин Халич университетинде кийимдердин дизайны боюнча бөлүмдө окуган. Окууну аяктагандан кийин банкта иштеп, кийинчерээк телевидениеде диктор болгон.
2007-жылы Нур Айсанды түрк телевидениеси сериалга тартылууга чакырат. Анын биринчи түшкөн тасмасы "Какой из меня отец?" аттуу тасма болгон. Бул тасма аркылуу анча тааныла алган эмес. 2008-жылы дагы бир сериалга тартылып, Нур түрк элине таанымал боло баштайт. Кийинки тасмасы 2011-жылы "Долина волков: Палестина" болгон. Ошол эле жылы "Даңазалуу кылым" тасмасындагы Махидеврандын ролуна чакыруу түшкөн.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Казакстандын Тараз шаарында 34 жаштагы жан кечти өзүн өзү жардырып жиберген. Ок атышуу менен жардыруу орун алган окуяда 7 адам, анын ичинен 5 укук коргоо кызматкери набыт болгон. 1977-жылкы жан кечти курал-жарак сатуучу дүкөндүн кароолчусун өлтүрүп, ал жерден эки мылтык уурдап чыккан. Аны кармоо учурунда өзүн өзү жардырып жиберген. Натыйжада аны куралсыздандырууга аракет кылган полициянын капитаны каза тапкан.
12-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.