Жогорку Соттун алдындагы судьялардын Окуу борбору "Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү" Европа биримдигинин долбоору менен биргеликте өлкөнүн судьялары, прокурорлору үчүн тренинг өткөрүүдө. Жогорку Соттон 12-ноябрда кабарлашкандай, 11-ноябрда башталган семинар 13-ноябрда аяктайт.
Иш-чаранын волонтёрлору Николь Коше (Франция) жана Жогорку Соттун алдындагы судьялардын Окуу борборунун лектору Нургүл Асанова. Семинарга учурда 8 судья жана 3 сот аткаруучу катышууда.