Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ушул жылдын 10 ай аралыгында 220 миңден ашык бөтөлкө контрафакттык алкоголь продукциясы табылды. Бул тууралуу бүгүнкү мекеме өткөргөн рейддин жүрүшүндө белгилүү болду.
Маалым болгондой, жыл башынан бери алкоголдук продукцияларды саткан 645 чарба субъектисин текшерүү учурунда 142 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Жыйынтыгында 18,1 миллион сомго 221 603 бөтөлкө алкоголдук продукция тартылып алынган. Ошондой эле 2,1 миллион сом суммасында 24 миң литр көлөмдө этил спирти менен автоцистерна кармалган. Жасалма акциз маркалары жана лицензиясы жок ишмердиктер боюнча укук коргоо органдарына 8 материал берилди. Алар боюнча кылмыш иши козголгон.