Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда: "№50-СИЗОдон кылмышкерлердин качуусу боюнча тергөө амалдарынын жыйынтыгы ноябрдын соңуна чейин чыгары күтүлүүдө",- деп билдирди.
Анын айтымында, түрмөдөн качуу болгондон кийин 12-октябрда ал премьер-министрге кирип, күч түзүмдөрүнүн жетекчилигинин көзүнчө кылмышкерлердин качышына СИЗОнун жетекчиси жана ал өзү ЖАМКтын жетекчиси катары түздөн-түз күнөөлүү экенин айткан.