"Өткөн беш жыл аралыгында өкмөттүн көптөгөн демилгелери парламент тарабынан ар дайым колдоо таап турду. Ал эми өкмөт Жогорку Кеңештин чечимдери менен депутаттардын суроо-талаптарын өз маалында аткаруу аракетин жасады". Бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бүгүн, 12-ноябрда жыйын жүрүшүндө билдирди.
"VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин курамы таза шайлоонун жыйынтыгында шайланып келди. Баарыңыздарды куттуктайбыз. Мындан ары да биргелешип иш алып бара турганыбызга ишеним артабыз",- деди А.Темирбаев.
Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев дагы депутаттарды өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришүүсү менен куттуктап, президенттик институт менен кыргыз парламентинин биргелешип иш алып баруусу салтка айланып калганын баса белгиледи.
"Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын алдында бир топ маанилүү маселелер турат. Өткөндө президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеште чыгып сүйлөп, өз сунуштарын айтты. Жогорку Кеңеш мындан аркы ишинде аларды эске алат деген ойдобуз", - деди Абдылдаев.