Президент Токмок шаарында сууда агып бараткан аялды куткарам деп каза болгон милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев Токмок шаарында сууда агып бараткан аялды куткарам деп каза болгон милиция кызматкери Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу президенттик аппарттан 12-ноябрда кабарлашты. Каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан 10-ноябрда кабарлашкандай, Токмок шаардык милициясына 8-ноябрь күнү Быстроток суусунда белгисиз аялдын агып бара жатканы боюнча маалымат түшкөн. Ошол замат каналга милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматы барган. Аны куткарууга аракет кылган Токмок ШИИБинин кызматкери, 1989-жылы туулган Тынчтык Абдрахманов сууга секирип түшкөн. Суу шар аккандыктан, жээкке чыга албай экөө тең сууга агып кеткен. Бир аз убакыттан кийин Тынчтык Абдрахманов менен 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси Быстроток каналынын бүткөн жеринен (Бишкек-Кемин унаа жолунун 59-чакырымынан) табылган.

Тынчтык Абдрахманов үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Ички иштер органдарында 2013-жылдан бери иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан