Өкмөткө жөлөк пулдарды берүүнү жөнөкөйлөштүрүү сунушталды

Бүгүн, 12-ноябрда 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйынында жөлөк пул берүүнү жөнөкөйлөштүрүү, социалдык объектилерди өз максатына кайтаруу, маданият тармагындагы маселелер айтылды.

Депутат Айнуру Алтыбаева өкмөткө жөлөк пулдарды берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгын сунуш кылды. Анын айтымында, маселен, майыптыгы боюнча жыл сайын талап кылынуучу маалым кат сындуу айрым документтер ашыкча. Ошондой эле Алтыбаева бүтпөгөн курулуштарды аягына чыгарып, андан соң башка курулуштарга киришүү боюнча Бюджеттик резолюцияга сунушу бар экенин, Ош-Бишкек авиакаттамынын наркы кымбат болуп жатканын, аны Монополияга каршы комитети жөнгө салышы керектигин айтты.

Токтогул районунун суу сактагыч үчүн берилген 33 миң гектарына каралган компенсациянын көлөмүн инфляция шартына жараша көтөрүү маселеси менен депутат Осмонбек Артыкбаев чыкты. Депутат Ош-Бишкек жолу Таш-Көмүр шаарын жарып өтөрүн, ал чөлкөмдөгү жолдун оңдоп-түзөлүшү шаардын мойнунда калып калганын айтып, Кара-Көл шаарынын абалынан кеп козгоду.

Өз убагында сатылып кеткен социалдык объектилерди өз максатына кайтарууну депутат Нурбек Алимбеков ортого салды. Алимбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан, Учар айылдарында бала бакчалар иштебей турганын, Кыргызстан айылынын тургундары мектепке кошумча корпус менен спортзал курууну суранып жатышканын өкмөткө табыштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан