Жогорку Кеңештин V чакырылышында иш алып барган депутат айымдардын форуму азыркы VI чакырылышта дагы ишин улантат. Муну аталган форумдун төрайымы, депутат Айнуру Алтыбаева 12-ноябрда “Парламент” радиосундагы маегинде билдирди. "Форум энелер менен балдардын өлүмүн азайтуу багытында бир топ иштерди алып барган, ошондой эле жаш балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктардын алдын алууда дагы натыйжалуу жылыштарды жасай алды",- дейт депутат.
Депутат форум тарабынан абакта отурган айымдардын тагдырына байланыштуу иштер да колго алынып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын энелерин материалдык жактан колдоо тууралуу мыйзам долбоорлору иштелип чыкканын айтат.