Депутаттар Жогорку Кеңештеги комитеттердин төрагаларынын орун басарларын жашыруун добуш берүү аркылуу шайлоого киришишти

Бүгүн, 12-ноябрда депутаттар Жогорку Кеңештеги комитеттердин ички түзүмү боюнча маселени карап чыгышып, комитет төрагаларынын экиден орун басары болушу керектигин такташты. Учурда орун басарлыкка "Республика-Ата Журт" фракциясынан башка 5 фракция өз талапкерлерин көрсөтүп, депутаттар талапкерлерге жашыруун түрдө добуш берип жатышат. Эсептөө комиссиясы добуш берүү жыйынтыкталган соң бюллетендерди эсептеп чыгып, кимге канча добуш берилгенин жарыялайт.

Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясы бүгүн комитеттердин төрагаларынын орун басарлыгына талапкер сунуштоодон баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан