Бүгүн, 12-ноябрда депутаттар Жогорку Кеңештеги комитеттердин төрагаларынын экиден орун басары болушу керектигин такташып, көрсөтүлгөн талапкерлерге жашыруун түрдө добуш беришти. Эсептөө комиссиясы жыйынтыгында добуштарды эсептеп чыгып, ким канча добуш алганын жарыялады. Жетиштүү добушка ээ болгон талапкерлердин аттары аталып, алар комитет төрагаларынын орун басары болуп шайланышканы жарыяланды. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети менен Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетине бирден гана орун басар шайланды. Ал эми төмөндөгү ар бир талапкерге депутаттардын 73ү "макул", 3 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди.
- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет - Чолпон Эсенаманова, Алмамбет Шыкмаматов;
- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет - Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев;
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет – Дастан Жумабеков, Алмасбек Акматов;
- Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет – Жанар Акаев, Лунара Мамытова;
- Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет – Азизбек Турсунбаев, Алмаз Жутанов;
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет – Данияр Төлөнов;
- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет – Дастан Бекешев, Абдумажит Юсуров;
- Бюджет жана финансы боюнча комитет – Улан Примов, Зиядин Жамалдинов;
- Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет - Искендер Матраимов.
Эскерте кетсек, "Республика-Ата Журт" фракциясы бүгүн комитеттердин төрагаларынын орун басарлыгына талапкер сунуштоодон баш тарткан.