Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаровду жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алды.
“Учурда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын алдында аскер реформасын улантуу менен армиянын күжүрмөн жана саясий даярдыгын жогорулатуу тапшырмасы турат. Армия учурдагы бардык чакырыктарга жооп кайтарууга даяр болушу керек. Сиздердин алдыңыздарда мамлекеттин тынчтыгын, бүтүндүгүн жана чек аранын бекемдигин толук камсыз кылуу милдети турат”,- деди Сариев.
Премьер-министр аскердеги тартипти күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолуп, аскер кызматкерлеринин коом алдындагы кадыр-баркын мындан ары да көтөрүү үчүн иштер жасалышы керектигин белгиледи.