13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн 0°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +1°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +12°C, түнкүсүн +2°C
Баткен облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн +1°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -3°C
Нарын облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн 0°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн +2°C