Казакстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн, мунун ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына миграциялык карточка берүү тартибин өзгөрттү. Казакстандын Улуттук экономика министрлиги өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын жана Ички иштер министрлигинин Миграциялык полиция департаментинин маалыматына таянуу менен буларды билдирди:
"Бүгүнкү күндөн баштап ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына миграциялык карточка берүү тартиби өзгөрдү. Казакстандын аймагына жалпы жарандык паспорт менен 30 күнгө кирчү аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн жарандарынан миграциялык карточка толтуруу талап кылынбайт. Чек араны кесип өткөнү тууралуу белги жалпы жарандык паспортуна коюлат".