ЭЛДИК КАБАР: Жамгыр жааган күндөрү Бишкектин айрым тротуарларын суу каптап, окуучулар унаа жолдон өтүүгө мажбур болуп жатышат

"Жамгыр жааган күндөрү К.Баялинов көчөсү аркылуу Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап Панфилов көчөсүнө чейин жол четинен басууга мүмкүн эмес. Жолдун эки четиндеги тротуарды суу каптап кетти. Окуучулар менен бала бакчага бараткандар унаалар жүрчү жол аркылуу басууга аргасыз болушууда. Унаа сүзүп кетсе ким жооп берет?" Бул тууралуу 13-ноябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
B.B.Sadykov
2015-11-13 17:45:30
Туура маселе. Супер тийешелуу жетекчилерге жеткирет деп ишенебиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан