Кыргыз жериндеги жайыттар өлкөнүн жалпы аянтынын 45 пайызын ээлейт

Кыргыз жериндеги жайыттардын учурдагы аянты 8,9 миллион гектар же өлкөнүн жалпы аянтынын 45 пайызын ээлейт. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, жайыттардан жылына 2-2,4 миллион тонна тоют жыйналууда. Өлкөдө мал чарбачылыгы акыркы жылдары жанданганы менен, продукция берүү жагынан 1990-жылкы көрсөткүчкө жете электигин белгилейт мекеме.

1990-жылы өлкөдө 451,1 тонна эт өндүрүлсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 369 миң тоннаны түздү. Жумуртка 1990-жылы 713 миллион 800 миң даана болсо, 2014-жылы 445 миллион 800 миң даана, 1990-жылы 39 миң тонна жүн өндүрүлсө, 2014-жылы 11 811 тонна өндүрүлгөнү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан