Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев фракциянын 13-ноябрдагы жыйынында депутат Исхак Масалиевдин Кадиллак автоунаасы боюнча айтканын сындады. “Жакында Исхак Масалиев депутаттык автоунаадан баш тартпай турганын билдирди. Бул жалпы фракциянын эмес, бир гана депутаттын чечими”,- дейт Төрөбаев. Фракция лидери бүгүнкү жыйында депутаттык кол тийбестик маселесин карап, бир жыйынтыкка келерин кошумчалады.
Эскерте кетсек, жакында парламент жыйынында вице-спикерлер баш тарткан кызматтык Кадиллак унаасын берүүнү суранган эле.