Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти Роза Отунбаева Париж шаарында ЮНЕСКОнун генералдык конференциясынын 38-сессиясына катышты. Маалыматка таянсак, Отунбаева уюмдун адистештирилген институттарынын иши талкууланган билим берүү комитетинде сөз сүйлөдү. Сессияга дүйнөнүн 195 өлкөсүнөн делегаттар катышканы айтылды. Эске салсак 2015-жылы ЮНЕСКОнун түзүлгөнүнө 70 жыл болот.