Тим Кэхилл карьерасындагы 45-голун киргизди, атаандаш футболчуларыбызды топсуз чуркатты (Австралияга каршы оюндан фоторепортаж)

Кечээ, 12-ноябрда кыргыз футболчулары конокто Австралия курамасы менен беттешти. Оюн толук бойдон австралиялыктардын үстөмдүгү астында өттү. Атаандаш биздин футболчуларды топсуз чуркоого мажбур кылып, майданда үстөмдүгүн орнотту. 3 упайдан куру калганга кейигенден тышкары бизди кубантчу жагдайлар жок эмес. Мисалы, оюнчулар жана башкы машыктыруучу Александр Крестинин бул оюндан сабак ала турган болсо, анда биздин капчыкка мол тажрыйба чогулду.

Кошумчалай кетсек, бул оюнда Австралиянын чабуулчусу Тим Кэхилл Австралия курамасы үчүн карьерасындагы 45-голун киргизди. Бул кенгуру өлкөсүнүн тарыхындагы эң алдынкы көрүнүш. Эгерде кыргыз дарбазачысы Павел Матяш мыкты ойнобогондо, 35 жаштагы тажрыйбалуу Кэхилл дагы көп гол жаратышы мүмкүн эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aster8710t
2015-11-13 14:14:10
Молодец Кейхл
+1
Aduk_aksuu
2015-11-13 15:08:26
легендарлуу тим кейхл
0
RASTAMAN
2015-11-14 09:00:20
Dagy kop? Emne 7-8 gol kirgizmek bele?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан