"Жүрүм-турумуңузду ондоп, таарынтып алган адамдардан кечирим сурап койсоңуз эч нерсе болбойсуз",- деди депутат Бакыт Төрөбаев экс-депутат Нурбек Мурашевге бүгүн, 13-ноябрда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында. Фракцияда Мурашевдин Эсептөө палатасынын аудитордук кызматына талапкерлиги каралууда.
Төрөбаев талапкерди артта калган таарынычтарды унутууга чакырды. "Артта калган таарынычтарды унутуп, эми ынтымактуу бололу, бирок сиз кечирим сурап коюшуңуз керек. Өзүңүз билесиз, ким тууралуу сөз болуп жатканын. Биз сиздин талапкерлигиңизди колдойбуз, себеби биздин партия түптөлүп жатканда сиз да мүчө болгонсуз",- деди Төрөбаев.
Эскерте кетсек, Мурашев ушул жылдын 3-сентябрында Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кабулжан Кимсанбаевди сабап салганы жарыяланган.