Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун маалында салынган "Жапалак" унаа базары жеке менчикке берилбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардын биринчи вице-мэри Замир Аскаров билдирди.
Анын айтымында, аталган унаа базарын жеке менчикке берүү боюнча сунуш түшкөн эмес. "Базардан шаардык бюджетке түшкөн кирешени көбөйтүү жана соодагерлер үчүн шарттарды жакшыртуу максатында анын жетекчилигин сынак негизинде алмаштыруу гана сунушталган. Анткени учурда жетекчилик базарды иштетүүдөн киреше табуу боюнча планды аткара албай жатат",- деди Аскаров.
Айта кетсек, буга чейин соодагерлер "Жапалак" унаа базары жеке менчикке берилгени жатат деп тынчсызданышкан.