Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси журналисттерди аккредиттөө боюнча маалымат берет

Жогорку Кеңеште бүгүн, 13-ноябрда парламенттин ишин чагылдырууга журналисттерди аккредиттөө маселеси боюнча маалымат жыйын өтөт. Маалыматка таянсак, жыйында Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов, анын орун басары Тажимамат Шаболотов жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Канатбек Курманбеков маалымат берип, суроолорго жооп беришет.

Эскерте кетсек, "парламенттин ишин чагылдыруудагы кемчиликтери үчүн" деген жүйө менен жакында 3 журналист Жогорку Кеңештин имаратына киргизилбей турган болгон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан